Редакцияот 25.07.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Өмүралиев айылдык кеңешинин V чакырылышынын жыйырма экинчи кеңешмесинин

 

2011-жылдын 25-июлу №104

Айыл өкмөтүнүн жарым жылдык стратегиялык өнүгүү боюнча иш пландарынын  жана айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы боюнча отчету жөнүндө

Күн тартибиндеги айыл округунун жарым жылдык стратегиялык өнүүгү боюнча иш пландарынын аткарылышы боюнча айыл округунун башчысынын милдетин аткаруучу К.Айталиевдин жана айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы боюнча айыл округунун каржы бөлүмүнүн башчысы К.Кудабаевдин кеңири берген отчетторун угуп жана талкуулап Өмүралиев айылдык кеңештин V чакырылышынын жыйырма экинчи кеңешмеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Айыл өкмөтүнүн жарым жылдык стратегиялык өнүгүү иш пландарынын отчету канааттандырарлык деп табылсын (отчету тиркелет).

2.Өмүралиев айыл округунун жарым жылдык бюджетинин аткарылышы боюнча каржы бөлүмүнүн башчысы К.Кудабаевдин отчету канааттандырарлык деп табылсын (отчету тиркелет).

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл округунун башчысынын милдетин аткаруучу К. Айталиевге жүктөлсүн.

 

Өмүралиев айыл

кеңешинин төрагасы

 

Ж.Сагыналиев

 

Өмүралиев айыл

кеңешинин катчысы

 

 

З.Исманова