Редакцияот 25.07.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Өмүралиев айылдык кеңешинин V чакырылышынын жыйырма экинчи кеңешмесинин

 

2011-жылдын 25-июлу №110

Өмүралиев айыл округунун Аксай айылынын Тургуну Жапаров Аманбектин жазган арызы жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча Өмүралиев айыл округунун Аксай айылынын тургуну Жапаров Аманбектин жазган арызын карап ,талкуулап Өмүралиев айылдык кеңешинин v чакырылышынын жыйырма экинчи кеңешмеси

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1.Өмүралиев айыл округунун Аксай айылынын тургуну Жапаров Аманбекке Чат Базар айылындагы «Айылчы Булак» жайытындагы эски таш короо ордуна сарай жана чабан тамын салууга 0.10 га жер участогу берилсин.

2.Тиешелүү иш кагаздарды берүү жагы айыл округунун башчысынын милдетин аткаруучу К.К.Айталиевке жүктөлсүн.

 

Өмүралиев айыл

кеңешинин төрагасы

 

Ж.Сагыналиев

 

Өмүралиев айыл

кеңешинин катчысы

 

 

З.Исманова