Редакцияот 21.10.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 21-октябры № 576

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан борборлоштурулган билим берүү иш-чараларын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан борборлоштурулган иш-чараларды жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев