Редакцияот 10.08.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Корул айылдык округунун Кеңешинин IV чакырылышынын XXIV кезексиз заседаниесинин

 

2011-жылдын 10-августу №24/1

Корул айылдык округунун Кеңешинин аймагындагы № 138 Кең-Жылга, № 139 Тогуз-Булак,№ 140 1-Май участкалык шайлоо комиссияларынын талапкерлерин сунуштоо жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиисиялары жөнүндө» № 62 30.01.2011-жылдагы мыйзамдын 19-беренесинин 1-пунктуна ылайык шайлоо комиисияларын түзүү шарттары жана тартиби боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын курамына сунушталган талапкерлердин тиешелүү документтерин карап, талкуулап, Корул айылдык округунун Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Корул айылдык округунун Кеңешинин аймагындагы № 138 Кең-Жылга, № 139 Тогуз-Булак, № 140 1-Май шайлоо участкаларынын комиссиясынын курамына талапкерлер сунушталсын (тизме тиркелет)

2.Жогорудагы сунушталган талапкерлерди бекитип берүү жагы Алай райондук аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

 

Корул айылдык округунун

Кеңешинин төрагасы

 

Т. Маназаров