Редакцияот 25.07.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин III- чакырылышынын кезектеги II- заседаниесинин

 

2011-жылдын 25 -июлу № 2/3

Калктын ден – соолугун чыңдоо боюнча ФАПтын жүргүзгөн иштери жөнүндө

 Кабылан-Көл айыл округ калкынын ден – соолугун сактоо жана чыңдоо боюнча округдагы ФАПтын жүргүзгөн иштери жөнүндө депутат У.Кадыркуловдун даярдаган маалыматтарынын негизинде Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Айыл округундагы калктын ден – соолугун сактоо жана чыңдоо боюнча ФАПтын жүргүзгөн иштери жалпысынан канааттандырарлык деп табылсын.

2.Калктын суроо - талаптары боюнча медициналык кызматтарды өз убагында көрсөтүү ФАП жетекчиси Т.Насировага милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү депутат У.Кадыркуловго милдеттендирилсин.

 

Кабылан-Көл айылдык

Кеңешинин төрагасы

 

Ш.Акаев