Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 10-августу №3/3
Ош облустук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 11-апрелиндеги “Өзгөн райондук Кеңешинин сессиясында кабыл алынган Жобону бардык райондордун жергиликтүү жамааттарында талкуулап, алардын кошумча сунуштарын эске алуу менен райондук Кеңештердин сессияларында кароо жагын сунуштоо жөнүндөгү” № 07/259 номерлүү катын турмушка ашыруу максатында
“Өзгөн райондук Кеңешинин 2011-жылдын 8-февралындагы кезексиз сессиясында “Райондун аймагында каада салттарды, үрп адаттарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү жөнүндө” кабыл алынган Жобону карап чыгып,талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1Ош облустук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 11-апрелиндеги “Өзгөн райондук Кеңешинин сессиясында кабыл алынган Жобону бардык райондордун жергиликтүү жамааттарында талкуулап, алардын кошумча сунуштарын эске алуу менен райондук Кеңештердин сессияларында кароо жагын сунуштоо жөнүндөгү” № 07/259 номерлүү каты аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2. “Өзгөн райондук Кеңешинин 2011-жылдын 8-февралындагы кезексиз сессиясында “ Райондун аймагында каада салттарды, үрп адаттарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү жөнүндө” кабыл алынган Жобо өзгөрүүсүз, толугу менен кабыл алынсын.
(Киргизилген сунуштар менен толукталып, өзгөртүүлөр эске алынуу менен Жобо түзүлүп кабыл алынсын).
3.Кабылан-Көл айыл округунун аймагында “Өзгөн райондук Кеңешинин 2011-жылдын 8-февралындагы кезексиз сессиясында “ Райондун аймагында каада салттарды, үрп адаттарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү жөнүндө” кабыл алынган Жобо боюнча иш жүргүзүү айыл округунун жооптуу кызматкерлерине, менчигинин түрүнө карабастан айыл округунун аймагында жайгашкан мекеме ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кабылан-Көл айылдык округ башчысына тапшырылсын.
Кабылан-Көл айылдык кеңешинин төрагасы |
Ш.Акаев |