Редакцияот 20.10.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кара-Суу шаардык Кеңешинин(төртүнчү шайланган) кезектеги ХVIII сессиясынын заседаниеси

 

2011-жылдын 20-октябры №18/5

Кара-Суу шаарынын социалдык-экономиклык жактан 2009-2012- жылдардагы өнүгүүсүнүн Программасынын аткарылышы жөнүндө

Депутаттардын Кара-Суу шаардык Кеңешинин( төртүнчү шайланган) 2009-жылдын 14-февралындагы III сессиясынын заседаниесинде  Кара-Суу шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн 2009-2012-жылдардагы өнүгүүсүнүн Программасы бекитилген. Ошондой эле, депутаттардын шаардык Кеңешинин 2009-жылдын VII сессиясынын заседаниесинде Кара-Суу шаарынын 2009-2011-жылдарга өнүгүүсүнүн стратегиялык планы кабыл алынган.

2009-жылдан бери, Кара-Суу шаар башкармасы тарабынан Программанын жана стратегиялык өнүгүү планынын аткарылышын камсыз кылуу боюнча бир топ иштер жүргүзүлгөн. Кара-Суу шаарынын муниципиалдык менчигиндеги обьектилерди оңдоого, калыбына келтирүүгө, материалдык-техникалык базаларын чыңдоого, шаардын инфраструктурасын жакшыртууга жана калктын жашоо-турмуш деңгээлин көтөрүү боюнча тийешелүү чаралар көрүлгөн. 2010- жылы, шаардын муниципиалдык менчигиндеги обьектилерди оңдоо жана калыбына келтирүү үчүн 11487,8 миң сомдук, ал эми быйылкы жылдын 9 айында 12702,6 миң сомдук жумуштар аткарылган. 2010-2011-жылдары Программада жана стратегиялык планда белгиленген жумуштардын, 70-80 пйызы толугу менен бүткөрүлгөн.

Алсак, К.Рахимов атындагы орто мектептин жылуулук системалары(1781,0 миң сом) толук капиталдык ремонттон өткөрүлдү, Ленин көчөсүнө(1598,4 миң сом), №3 жана №4 балдар бакчаларынын аянтчаларына, Ленин атындагы орто мектептин алдына брусчаткалар басылды(жалпысынан 753,5 миң сомдук), шаардын айланма жолдорунун афальтын жамоо үчүн 5,0 млн. сомдон ашык каражат жумшалды. 2010-жылы чет элдик инвестицияларды тартуу солгун болсо(апрель, июнь окуяларына байланыштуу), быйылкы жылы 4663,0 миң сомдук чет элдик инвестиция тартылган. 2011-жылы, Республикалык бюджеттен (стимулирующий грант) 4,0млн, сомго жакын каражат тартылып, №2 балдар бакчасы толук капиталдык ремонттон өткөрүлдү, Шаардык «Манас» стадионунун батыш трибунасынын үстүн жабуу боюнча иштер жүрүп жатат.

2010-жылы Кара-Суу шаарында 45,7 млн.сомдук өнөр жай продукциялары чыгарылып, 2009-жылга караганда 141,0 пайызга өскөн. Чекене товар жүгүртүүнүн көлөмү 1млрд.41млн. сомду түзүп, 2009-жылга караганда 15,1 пайызга төмөн болгон.

Кара-Суу шаарынын бюджетинин 2011-жылдын 9 айындагы аткарылышы 49,6 млн сомду  түзгөн же болбосо бекитилген план 100,3 пайызга аткарылган. Депутаттардын Кара-Суу шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кара-Суу шаарынын социалдык-экономикалык жактан 2009-2012-жылдардагы өнүгүүсүнүн Программасынын аткарылышы жөнүндөгү маалымат эске алынсынжана белгиленген иш-чараларды толугу менен аткарууга жетишилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин экономика, бюджет, укук жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кара-Суу шаардык

кеңешинин төрагасы

 

Т. Алиев