Редакцияот 20.10.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кара-Суу шаардык Кеңешинин (IVчакырылышынын) XIX сессиясынын заседаниеси

 

2011-жылдын 20-октябры №18/11

Кара-Суу шаарында 2011-жылы кыргыз жана өзбек улутундагы жаштардан үй-бүлөө курган түгөйлөргө материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө

Кара-Суу шаарынын мэриясынын 2011-жылдын 19-октябрындагы №465 катын эске алып, ошондой эле 2010-жылы июнь айында болуп өткөн окуяларынан кийин, карапайым эки улуттардын ортосунда эч кандай талаш-тартыш, келишпестиктер жок экендигин жалпыга маалымдоо жана элдердин ортосундагы бекем достукту, ынтымакчылыкты даңазалоо максатында   Депутаттардын Кара-Суу шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу шаарынын мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнө (А.Ботояров) эки улуттун ортосунда достукту чыңдоо жана жаш үй-бүлөөгө материалдык жардам көрсөтүү максатында 50,0 миң сом акча каражаты 2011-жылдын 9-айында кирешелер бөлүгүнүн план-божомолдон ашыкча аткарылгандыгынын эсебинен бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, укук жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Кара-Суу шаардык

кеңешинин төрагасы

 

Т. Алиев