Редакцияот 25,03,2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Төбө айылдык Кеңешинин заседаниеси

 

2011-жылдын 25-марты №11/3

2011-2013-жылдарга карата Үч-Төбө айыл округунун экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө

2011-2013-жылдарга карата өнүгүү пландарын карап чыгып , Үч-Төбө айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2011-2013-жылдарга карата Үч-Төбө айыл өкмөтүндө экономикалык өнүгүү пландары бекитилсин. (Өнүгүү планы тиркелет)

2. 2011-2013-жылдарга карата Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн өнүгүү планын аткарылышы боюнча планда көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыз кылуу боюнча зарыл болгон уюштуруучулук жана массалык иштерди туруктуу жүргүзүү, алардын аткарылышын камсыз кылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысына жана мекеме уюмдардын жетекчилерине милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Касымовго жүктөлсүн.

 

Үч-Төбө айылдык

кеңешинин төрагасы

 

С.Маматалиев