Редакцияот 30.09.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык округунун Кенешинин IV чакырылышынын кезектеги ХХII заседаниеси

 

2011-жылдын 30-сентябры № 22/3

Ленин айылдык округунун Б.Арзиева атындагы балдар бакчасынын көмөкчү чарбасындагы малдарын сатып, балдар бакчасына керектүү негизги каражаттарды жана чарбалык буюмдарды алуу боюнча

Ленин айылдык округунун Б.Арзиева балдар бакчасынын башчысы Ш.Алдашованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ленин айылдык округунун Б.Арзиева балдар бакчасынын башчысы Ш.Алдашованын билдирүүсү эске алынсын.

2. Б.Арзиева атындагы балдар бакчасынын көмөкчү чарбасынан 1(бир) үй быйылкы торпогу менен жана 1(бир) эки жашар торпокту сатуу боюнча комиссия түзүлсүн.

3. Атайын каражаттын планы көбөйтүлгөндүгүнө байланыштуу төмөндөгү статьяларга отургузулсун:

Раздел -709 ст. 22155300 70000 сомго көбөйтүлсүн.

                      ст.22155900 24000 сомго көбөйтүлсүн.

4. Көмөкчү чарбанын малдарын саткандан түшкөн акча каражатын керектүү статьяларга отургузуу жана аны көзөмөлгө алуу жагы айыл округунун ФЭБ башчысы Б.Мамановко жүктөлсүн.

5. Сметага өзгөртүү киргизүүгө уруксат берүү жагы Алай райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.

6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл округунун боюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл округунун башчысы А.Салиевке милдеттендирилсин.

 

Ленин айылдык кеңешинин төрагасы

 

Н.Матанов