Редакцияот 15.12.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кочкор айылдык округунун кеңешинин кезектеги жыйырма биринчи сесиясынын (1У-чакырылыш) жыйналышы

 

2011-жылдын 15-декабры №21/2

Кара-Кочкор айылдык округунун кеңешинин жана анын туруктуу комиссияларынын 2012-жылга карата түзүлгөн перспективдүү иш-планы жөнүндө

Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешинин регламентине ылайык Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешинин жана анын туруктуу комиссияларынын 2012-жылга карата түзүлгөн перспективдүү иш-планы бекитилсин (иш план № 1, №2, №3 ,№4,№5 тиркемелерде тиркелет).

2. Бекитилген иш планды жетекчиликке алуу, анын аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешинин туруктуу комиссияарынын төрагаларына жана айылдык округдун аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.

 

Кара-Кочкор айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Т. Кайыпкулов