Редакцияот 29.08.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин (IV чакырылышынын) кезектеги XXII сессиясынын заседаниесинин

 

2012 жылдын 29 августу,№22/1

«Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2007-жыл 12-мартындагы «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 22-февралындагы ПЖ «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жарандардын кайрылуусу менен иштөөнүн абалын жакшыртуу жөнүндө» №237 токтомун аткаруу жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Презиндентинин 2007-жылдын 22-февралындагы «Аткаруучулук бийлик органдарынын жана жеригиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандардын арыздары жана даттануулары менен иштөөсүн андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» №71 Жарлыгын, ошондой эле Кара-Суу шаар мэриясынын аппарат жетекчисинин отчетун угуп, депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштарды эске алып

Депутаттардын Кара-Суушаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАМЫН:

1.Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2007-жыл 12-мартындагы «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 22-февралындагы ПЖ «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жарандардын кайрылуусу менен иштөөнүн абалын жакшыртуу жөнүндө» №237 токтому аткарууга жана көзөмөлдө турушу камсыз кылынсын.

2. Кара-Суу шаар мэрине (А.К. Рахимов) ез убагында шаар мэриясына келип түшкөн арыз, даттанууларга, жогорку органдардын чечимдерине, мекеме ишканалардын каттарына жооп бербеген Кара-Суу шаар мэриясынын жооптуу кызматкерлерине тартиптик жаза колдонуу сунушталсын.

3. Кара-Суу шаар мэриясынын жооптуу кызматкерлерине, муниципалдык ишкана мекемелердин жетекчилерине, архитектура жана шаар куруу башкармасына:

- Жарандардын оозеки, жазуу кайрылуулары менен иштөөнү өз ишинин негизги багыттары деп эсептешсин жана бул иштин абалы жөнүндө ар квартал сайын мэриянын аппараттык кеңешмелеринде отчет берүү милдтеттендирилсин;

- Шаардык Кеңештин чечимдеринин, иш-чараларынын жана катгарынын аткарылышына өзгөчө көңүл бурулсун;

- Жарандарды жеке кабыл алууну туруктуу жүргүзүү боюнча иш-чараларды уюштурушсун, көзөмөлгө алынган тапшырмаларды жана чечимдерди аткарылышын көзөмөлгө алышсын;

- Жогорку органдардан келип түшкөн каттарды, чечимдерди, иш-чараларды оз убагында кечиктирилбестен аткарууга алуу милдеттендирилсин;

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу шаарынын мэрии А.К. Рахимовго жүктөлсүн.

 

Депутаттардын

Кара-Суу шаардык

Кеңешинин төрагасы

 

 

Т.Ю.Алиев