Редакцияот 21.01.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясынын (төртүнчү шайланган)

 

2012-жылдын 21-январы № 3

Отуз-Адыр айылдык округундагы №55 Кызыл-Абад орто мектебине Зулпиев Камчыбектин ысмын берүү жөнүндө

Отуз-Адыр айылдык округуна караштуу Кызыл-Абад айылынын тургундарынын жалпы жыйынынын, №55 Кызыл-Абад орто мектебинин педагогикалык кеңешинин протоколдорун карап чыгып Отуз-Адыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Отуз-Адыр айылдык округундагы №55 Кызыл-Абад орто мектебине Зулпиев Камчыбектин ысмы берилсин.

2. Тиешелүү иш-кагаздарды даярдоо жагы мектеп директору С.Матназаровага милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан, райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Б. Жээнбековага жана депутат С. Бердиевке жүктөлсүн.

 

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин төрагасы

О.Айдаров