Редакцияот 13.02.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин (IV чакырылышынын) XX сессиясынын заседаниесинин

 

2012-жылдын 13-февралы №20/5

Кара-Суу шаарынын аймагындагы «Каада-салттарды, үрп адаттарды, ырым-жырымдарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү жөнүндө» Жобону бекитүү жөнүндө

2011-жылдын 27-апрелиндеги Кара-Суу райондук 14/74 токтомунун негизинде жана "Каада салттарды, үрп адаттартарды, ырым жырымдарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү жөнүндөгү" Жобону депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт, аялдар жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиянын 2012-жылдын 6-февралындагы протоколун карап жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Каада салттарды, үрп адаттарды, ырым жырымдарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү жөнүңдө» Жобого өзгөртүү киргизүү менен бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз калуу жагы Кара-Суу шаарынын мэриясына, мэриянын алдындагы дин иштери боюнча коомдук комитеттке жана билим берүү, саламаттык сактоо, маданият , спорт жана жаштар саясаты бюонча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Кара-Суу шаардык

кеңешинин төрагасы

 

Т. Ю. Алиев