Редакцияот 13.02.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин (IV чакырылышынын) XX сессиясынын заседаниеси

 

2012-жылдын 13-февралы №20/11

Коммуналдык кызмат көрсөтүүнүн тарифин бекитүү жөнүндө

"Мехнат" АКнун 2012-жылдын 13-февралындагы №17 катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 17-беренесин жана депутаттардын сын-пикирлерин эске алып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу шаарында турак-жай массивтеринин акыр-чыкирлерди ташуу үчүн шаар жарандарынан жыйналуучу коммуналдык кызмат көрсөтүү тарифтери төмөнкү өлчөмдө бекитилсин:

А) Көп кабаттуу үйлөрдө, ар бир адамга (убактылуу же - туруктуу жашагандыгына карабастан) - 20 сомдон.

Б) Жеке турак-жай массивтеринде, ар бир адамга (убактылуу же туруктуу жашагандыгына карабастан) – 15 сомдон.

В) Кара-Суу шаарынын аймагында жашаган башка мамлекеттин жарандарына (кытай, уйгур ж.б.) ар бир адамга - 60 сомдон.

2. Бул токтом 2012-жылдын 4-январынан күчүнө кирет.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу шаарынын мэриясына жана "Мехнат" АКна тапшырылсын.

 

Кара-Суу шаардык

кеңешинин төрагасы

 

Т. Ю. Алиев