Редакцияот 29.08.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XI сессиясы

 

2014-жылдын 29-августу № 6

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн мурдатан пайдаланып келген жайлоолору жөнүндө

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн мурдатан пайдаланып келген жайлоолору депутаттар арасында кенири талкууланып Төрт-Гүл айылдык  Кенешинин V-чакырылышынын кезектеги XI-сессиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн мурдатан пайдаланып келген жайлоолору Төрт-Гүл совхозу мезгилинде Кара-Бак айыл өкмөтүнүн жайыт картасына катталып озгортулбой калгандыгына байланыштуу, мыйзам чегинде каралып Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн карамагына откорулсун.

2. Жайлоолорду Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн карамагына откоруп беруу жагы Кара-Бак айылдык кенешинен суралсын.

3. Ушул токтомду аткаруу жана козомолдоо жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Артыковго тапшырылсын.

 

Төрт-Гүл айылдык

Кеӊешинин төрагасы:

 

М. Жалалов