Редакцияот 10.12.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIII сессиясы

 

2014-жылдын 10-декабры № 3

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнун Зарташ айылындагы 2км аралыктагы жолду №2 жол

тейлөө мекемесинин балансына өткөрүп берүү жөнүндө

 

Төрт-Гүл айыл өкмөтүно караштуу Зарташ айылындагы Ош-Баткен автожолуна чейинки 2км аралыктагы жолду асфальттоо боюнча Төрт-Гүл айыл өкмөтүнун башчысы Н.Артыковдун билдируусун угуп жана талкуулап, Төрт-Гүл айылдык Кенешинин V- чакырылышынын кезектеги XIII-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнун Зарташ айылындагы Ош-Баткен автожолуна чейинки 2 км аралыктагы жол №2 жол тейлоо мекемесинин балансына откорулуп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы Төрт-Гүл айылдык кенешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жуктолсун.

 

Төрт-Гүл айылдык

Кеӊешинин төрагасы:

 

М. Жалалов