Редакцияот 10.12.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIII сессиясы

 

2014-жылдын 10-декабры № 4

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнун айылдык коңуштарынын чек араларын бекитүү жөнүндө

 «Кыргызмамжердолбоорлоо» институтунун баткен жерге жайгаштыруу боюнча экспедициясынын Төрт-Гүл айыл аймагындагы айылдык конуштарынын тактаган материалдарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесинин 3-болумуно ылайык, депутаттардын ой пикирлерин угуп жана талкуулап Төрт-Гүл айылдык кенешинин V-чакырылышынын кезектеги XIII-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кыргызмамжердолбоорлоо» институтунун Төрт-Гүл айыл өкмөтүнун калктуу конуштардын чек араларын даярдаган баяндамасынын негизинде бекитилсин. (Баяндама тиркелет).

2. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнун калктуу конуштардын чек арасын бекитип берүү жагы Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

Төрт-Гүл айылдык

Кеӊешинин төрагасы:

 

М. Жалалов