Редакцияот 06.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Капчыгай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын V сессиясы

 

2014-жылдын 6-февралы № 9.1

Капчыгай айылдык өкмөтүнүн аймагын социалдык, экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2013-жыл  ичинде жүргүзгөн иштери жана   милдеттери тууралуу айылдык өкмөттүн башчысы Т.Кадырбековдун маалыматы жөнүндө

Капчыгай айылдык өкмөтүнүн аймагын социалдык, экономикалык жактан өнүктүрүүдө  2013-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жана милдеттер тууралуу  айылдык өкмөттүн башчысы Т. Кадырбековдун  маалыматын угуп жана талкуулап Капчыгай айылдык  Кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Капчыгай айылдык өкмөтүнүн аймагын социалдык, экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2013-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жана милдеттер тууралуу айыл өкмөттүн башчысы Т.Кадырбековдун маалыматы   канаттандырарлык  деп табылсын.

2. Капчыгай айыл өкмөттүн башчысы Т.Кадырбековго:

-Айылдык өкмөтдүн аймагы боюнча түзүлгөн стратегиялык жана социалдык жактан өнүктүрүү пландарын ишке ашыруу;

-жамааттык топтор, өз ара жардамдашуу топтору, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары менен терен байланышта иш алып баруу, жайыттарды ,эгин талааларын коргоону жөнгө салуу;

-социалдык обьектилердин өз деңгээлинде күтүлүшүнө көңүл буруу;

-калктын аялуу катмары менен иштөө маселелерин жолго коюу.

3.Бул токтомду ишке ашыруу Капчыгай айыл өкмөттүн башчысы Т.Кадырбековго  жүктөлсүн.

 

Капчыгай айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А. Азимбаев