Редакцияот 06.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Капчыгай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын V сессиясы

 

2014-жылдын 6-февралы № 9.5

Депутаттардын Капчыгай айылдык округдук Кеңеши Капчыгай айылдык округдун Кара-Таш, Сары-Бээ, Терек-Суу, Ничке-Суу айылында жашаган кожолуктардан мусор салыгын чогултуу жөнүндө

Депутаттардын Капчыгай айылдык округдук Кеңеши Капчыгай айылдык округдун Кара-Таш, Сары-Бээ, Терек-Суу, Ничке-Суу айылында жашаган кожолуктардан мусор салыгын чогултуу максатында

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Капчыгай айылдык округунун аймагында жашаган кожолуктардын мусур салыгы 50 (элүү) сом өлчөмүндө белгиленсин.

2.Түтүн пулду чогултуу Капчыгай айылдык округунун салык кызматкери А.Бөкөбаевага жүктөлсүн.

3.Чогултулган түтүн пулду Кара-Таш, Сары-Бээ, Терек-Суу, Ничке-Суу айылдарындагы ташталган таштандыларды тазалоого жумшалсын.

4.Бул токтомду турмушка ашыруу жана көзөмөл жүргүзүү финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Кадыровага жүктөлсүн.

 

Капчыгай айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А. Азимбаев