Редакцияот 24.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Капчыгай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын X сессиясы

 

2014-жылдын 24-апрели № 10.2

Капчыгай айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине караштуу мал башына

 өлчөмдүү салык бирдигин бекитүү жөнүндө

 

Капчыгай айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине караштуу мал башына  өлчөмдүү салык бирдигин бекитүү максатында Капчыгай айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2013-жылга Капчыгай айылдык өкмөтүнүн Жайыт комитетинин  киреше жана чыгаша бөлүктөрү 133574 сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. 2013-жылга Капчыгай айылдык округунун бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары  150 миң сом №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. (№1 тиркеме тиркелет).

3.  Капчыгай айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине караштуу мал башына  салык өлчөмү  төмөндөгүдөй белгиленсин:

    1.Бодого - 60 сом  менен;

    2.Жандыкка - 12  сом  менен.

4.Башка айыл өкмөтүнө  караштуу  айылдардан  келген  малдарга:

    1.Бодого - 120 сом менен;

    2.Жандыкка - 24 сом менен 6 айда 1 жолу отчет берилсин.

5.Жайытты убактылуу пайдаланууга жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүү жагы Жайыт комитетинин төрагасы Б.Мойдуновго жүктөлсүн.

6.Бул токтомду ишке ашыруу жагы жайыт комитетинин төрагасы Б.Мойдуновго милдеттендирилсин.

7.Бул токтомго көзөмөл жүргүзүү Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысы  Т.Кадырбековго жүктөлсүн.

 

Капчыгай айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А. Азимбаев