Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-сентябры № 1
“Бюджет беренесин айрым беренелерге өзгөртүү (которуу) жөнүндө”
Кызыл-Суу айылдык Кеңешинын XIII-сессиясы айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги айрым маселени карап чыкты. ФЭБнун башчысы Касимов Кимсанбектин сунушун колдоп Кызыл-Суу айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Нышанбаев атындагы орто мектебинде иштетилбей калган 48 000 (кырк сегиз миң) сом, Кара-Суу районунун жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан берилген 50 000 (элүү миң) сом, бардыгы 98 000 (токсон сегиз миң) сом мектептин ремонт иштерине жумшалсын.
2. Н. Бапыгулов атындагы орто мектебине МЧСтен жана мобилдик байланыштан бөлүнгөн 50 000 (элүү миң) сом, 11 000 (он бир миң) сом бардыгы 61 000 (алтымыш бир миң) сом мектептин ремонт иштерине жумшалсын. (№1 тиркеме)
3. Ушул токтомдун аткарылышы депутаттардын финансы, экономика жана социалдык маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Нышанбаев |