Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-октябры № 2
“Трансформаторду өткөрүп берүү жөнүндө”
Кызыл-Суу айылдык Кеңешинин XIII-сессиясында айыл өкмөтүнүн жер адиси Парпиев Ташполоттун сунушу боюнча ээсиз калган 9 трансформатордун абалы каралып, аларды Кара-Суу РЭТ ишканасынын карамагына өткөрүп берүү маселеси талкууланды.
Жогорудагы сунуштун негизинде айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй сунуш кылат.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Суу айыл аймагындагы ээсиз калган 9(тогуз) трансформатордун абалы жөнүндөгү Парпиев Ташполоттун сунушу көңүлгө алынсын, аны иш жүзүндө ашыруу жагы Т. Парпиевге тапшырылсын.
2. Чарбасыз (ээсиз) калган трансформаторлорду Кара-Суу РЭТ ишканасынын карамагына өткөрүп берүү жагы Ош электро ААКнын директору Д.И.Доминовго кайтарымсыз балансына өткөрүп берүү боюнча 9 трансформаторду сунуш кылабыз.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Касимов Кимсанбекке жүктөлсүн.
Кызыл-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Нышанбаев |