Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-октябры № 3
“Көчөгө аталыш берүү жөнүндө”
Кызыл-Суу айылдык Кеңешинын XIII-сессиясында депутаттар «Корок» айылындагы көчөлөргө аталыш берүү жөнүндөгү жеке арызды жана элдик чогулуштун токтомдорун карады.
Мурда аталыш берилип, документ иштери бүтпөй калган көчөлөрдүн аталышын жокко чыгарып жаңы аталыштарды берүү токтомун жана жеке арызынын негизинде Кызыл-Суу айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Корок» айылындагы чоң көчөнүн атылышы «Бейшеке» көчөсү деп бекитилсин.
2. Жогорку көчө мурдагы аталышы боюнча Токобаев Толонбай атындагы көчөсү деп бекитилсин.
3. Чоң жолдун астындагы көчөнүн атылышы Ниязов Нурпазыл атындагы көчө деп бекитилсин.
4. Кызыл-Талаа айылындагы көчө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Токсонбаев Сулайман атындагы көчө деп бекитилсин.
5. «Корок» айылынын көчөлөрүнө аталыштарды жазып орнотуу, жол, арык ж.б. иретке келтирүү иштерин уюштуруу жагы Корок айылынын айыл башчысы Токобаев Абсаламга тапшырылсын.
6. «Жору» айылындагы көчөнүн аталышы Пазылов Манас атындагы көчө деп бекитилсин.
Кызыл-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Нышанбаев |