Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-октябры № 4
“Биометрикалык маалымат топтоону уюштуруу жөнүндө”
Кызыл-Суу айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-майындагы 147-б. жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2014-жылдын 27-майындагы №304-б. буйругун жана Кара-Суу районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдагы 10-июнунун №112-б. буйругун аткарууга жана жетекчиликке алуу менен төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-майындагы №147-б. жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2014-жылдын 27-майындагы №304-б. буйругун жана Кара-Суу районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдагы 10-июнунун №112-б. буйругу аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2. Кызыл-Суу айыл аймагында калктын биометрикалык маалыматтарын чогултуу боюнча Кызыл-Суу айыл Өкмөтүнүн №32 17.06.2014-жылдагы буйругу ишке ашырылсын, жопптуу катчы Субанов Аматбектин билдирүүсү жактырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-окябрындагы №573 жана 2014-жылдын 7-майындагы №147–б буйруктары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тапшырмалар берилип, жума сайын маалымат берүү жагы көрсөтүлгөн. Бул иштерди аткаруу штаб жетекчисине тапшырылсын.
4. Биометрикалык маалымат топтоо үчүн негизги жабдууларды Кара-Суу районунун борборунан алып келүү жана бузулган болсо оңдоо үчүн алып баруу, алып келүүдө транспорт маселесин, акча каражатын чечип берүү Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Касимов Кимсанбекке милдеттендирилсин.
Кызыл-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Нышанбаев |