Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-октябры № 5
“Жергиликтүү жаматтын айыл мыйзамын бекитүү жөнүндө”
Кызыл-Суу айылдык Кеңешинин XIII-сессиясында жергиликтүү жаматтын айыл мыйзамы (уставы) каралып, аны кабыл алуу маселеси талкууланды. Жергиликтүү жамааттын Уставын (айыл мыйзамын) талкулоо жана кабыл алуу боюнча Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык жергиликтүү жамаатын мүчөлөрү менен талкуу жүргүзүлүп, жумушчу топтун курамы иштеп чыккан.
Жогорудагы маселени карап, талкуулап Кызыл-Суу айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү жамааттын Кызыл-Суу айыл мыйзамы (уставы) бекитилсин.
2. Жергиликтүү жамааттын Кызыл-Суу айыл мыйзамынын (уставы) негизинде иш алып баруу жагы Кызыл-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы Нышанбаев Муратка, Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Абдраев Нурланга тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышы депутаттардын туруктуу комиссиясына Мамытов Осмоналы, Токторов Анарбайларга тапшырылсын.
Кызыл-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Нышанбаев |