Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-октябры № 6
“Жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө”
Кызыл-Суу айылдык Кеңешинын XIII-сессиясында «Корок» айылынын тургундары тарабынан келип түшкөн арыз каралды.
Айылга намазкана куруу маселеси талкууланып, Кара-Суу районунун «Достук» борбордук мечитинин баш имамхатиби Суйунбай ажы Калыковдун 08.08.2014-жылдагы макулдук каты окулду.
Келип түшкөн арыздын жана каттын негизинде Кызыл-Суу айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылга намазкана куруу жөнүндөгү «Корок» айылынын тургундарынын арызы канааттандырылсын.
2. Намазкананын курулушуна айыл чарба багытындагы эмес жерден 0,05 га жер тилкеси берилсин (жер адиси Т. Парпиев).
3. Намазкананын курулушу архитектуралык талаптарга ылайык жүргүзүлсүн, айылдагы кесипкой жарандар ишке тартылсын.
Көзөмөлдөө жагы айыл башчы Токобаев Абсаламга, айылдын молдосу Ныязов Канатка милдеттендирилсин.
4. Керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Суу райондук архитектура, курулуш башкармасынан жана Кара-Суу райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо бөлүмүнөн суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кызыл-Суу айылдык Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Нышанбаев |