Редакцияот 31.01.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Он Эки Бел айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVI сессиясы

 

2015-жылдын 31-январы № 16-10

Он Эки Бел айыл аймагындагы Найман участкасына Мойдунбектин атын ыйгаруу жөнүндөгү айыл тургундарынын чогулушунун токтомун бекитип берүү жөнүндө

Он Эки Бел айыл аймагындагы Найман участкасына Мойдунбектин атын ыйгаруу жөнүндөгү айыл тургундарынын чогулушунун токтому жөнүндө айылдык кеңешинин депутаты К. Калбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгышып айылдык кеңешинин сессиясы төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Он Эки Бел айыл аймагындагы Найман участкасына Мойдунбектин атын ыйгаруу жөнүндөгү айыл тургундарынын 2014-жылдын 13-декабрындагы чогулушунун протоколу бекитилсин.

2. Он Эки Бел айыл аймагындагы Найман участкасы Мойдунбек айылы деп аталсын.

3.Айылдын аталышы боюнча өзүнчө статус алуу мамлекеттик классификаторго (САОТЕ) алып берүүнү уюштуруу айылдык кеңешинин депутаты К. Калбаевке милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Он Эки Бел айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Д. Кантов