Загрузка документа…
АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 5-июну №20/1
№3 төрт мандаттуу Ленин шайлоо округунан райондук Кеңештин депутаты Осмонов Бакытбек Арапбаевичтин депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана анын ордуна Сарыбаев Замир Маликовичтин депутаттык мандатын таануу жөнүндө
Алай райондук Кеңеши Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 3.05.2012-жылдын 3-майындагы №15 Б.А. Осмоновдун депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана З.М. Сарыбаевдин депутаттык мандатын таануу жөнүндө токтомунун жана "Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин негизинде Алай райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №3 төрт мандаттуу Ленин шайлоо округунан райондук Кеңештин депутатты Осмонов Бакытбек Арапбаевичтин депутаттык мандаты менен кызмат абалы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын статусуна шайкеш келбегендигине байланыштуу депутат Б.А. Осмоновдун депутаттык мандаты мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. №3 төрт мандаттуу Ленин шайлоо округунан райондук Кеңештин депутаты Осмонов Бакытбек Арапбаевичтин депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтогондугуна байланыштуу, "Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин негизинде анын ордуна №3 төрт мандаттуу Ленин шайлоо округунан райондук Кеңештин депутаты болуп Сарыбаев Замир Маликовичтин депутаттык мандаты таанылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө Алай райондук Кеңештин аппаратына
Алай райондук кеңешинин төрагасы |
Н.М. Жеенбеков
|