Загрузка документа…
АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 5-июну №20/2
Алай ханышасы Курманжан Датканын 200 жылдыгына карата райондун борбору Гүлчө айылында планга киргизилип, асфальт болбой калган көчөлөрдү асфалытоого чара көрүү жөнүндө
Алай райондук Кеңешинин убактылуу комиссиясынын маалыматын, райондук мамлекеттик администрациясынын, Гүлчө айыл өкмөт башчысынын билдирүүлөрүн угуп жана талкулоонун негизинде Алай райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай ханышасы Курманжан Датканын 200 жылдыгына карата планга кирген бирок 2011-жылда бүтпөй калган Гүлчө айылындагы 5 км аралыктагы көчөлөрдү асфальттоону аягына чыгаруу үчүн акча каражатын чечип берүү боюнча райондук Кеңештин депутаттарынын атынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайрылуу жөнөтүлсүн.
2. Алай районунун Гүлчө айылындагы 5 км аралыктагы көчөлөрдү асфалытоого сарпталуучу акча каражатын чечүүгө жардам берүү жагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты, бюджет боюнча комиссиянын төрагасы А. Келдибековдон жана алай айылыдык депутаттардан суралсын.
3. Гүлчө айыл өкмөтүнө жана Гүлчө айылдык кеңешине болгон мүкүнчүлүктөрдү жумшоо менен натыйжалуу аракеттерди көрүү жагы тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кеңештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Алай райондук кеңешинин төрагасы |
Н.М. Жеенбеков
|