Редакцияот 08.07.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Мангыт айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XII сессиясы

 

2014-жылдын 8-июлу № 12-14

Мангыт айыл өкмөтүнүн 2014-жылга киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрү жөнүндө

Депутаттардын Мангыт айылдык Кенеши Мангыт айыл өкмөтү тарабынан айыл өкмөтүнүн соц.экономикалык өнүгүүсүнүн 2014-жылга индикативдик планынын божомолуна кошумча өзгөртүүлөр даярдалып, сунуш кылынып, айылдык кенештин туруктуу комиссияда каралып,2014-жылдагы айылдык бюджетине киреще жана чыгашалар боюнча 1-жарым жылдыкка түзүлгөн сметасына кошумча жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү  ФЭБ бөлүмүнүн сунушун карап жана талкуулап төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мангыт айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы 6 ай ичинде айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери бекитилген планына кошумча 226,1 мин сом  артыкчылыгы менен № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет).

2. Айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-жарым жылдыгына айылдык бюджеттин кошумча чыгаша каражаттары № 2 тиркемеге ылайык белгиленсин. (тиркеме тиркелет).

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык кенештин финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

Мангыт айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т. Торобаев