Редакцияот 16.04.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

өзгөн районунун кызыл-октябрь айылдык кеңешинин IV- чакырылышындагы ХХVI кезектеги сессиясынын кеңешинин

 

2012-жылдын 16-апрели №83

Кызыл-Октябрь айыл Өкмөтүнүн 2011-жылы аткарыла турган социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн иш-чараларын бекитүү жөнүндө

Кызыл-Октябрь айыл Өкмөтүнүн 2012-жылы аткарыла турган социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн иш-чараларын бекитүү жөнүндөгү айыл Өкмөтүнүн башчысынын орун басары К. Сопуевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин IV чакырылган  ХХVI- кезектеги сессиясы төмөндөгүдөй

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Кызыл-Октябрь айыл Өкмөтүнүн 2012-жылы аткарыла турган социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн иш-чаралары бекитилсин.

2. Иш-чаралардын аткарылышы боюнча ар квартал сайын депутаттарга билдирүү берилсин.

3. Бекитилген иш-чаранын аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл Өкмөттүн башчысынын орун басары К. Сопуевке жүктөлсүн.

 

Кызыл-Октябрь айылдык

Кеңешинин төрагасы

 

А.Авазов