Редакцияот 18.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Талаа-Булак айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VIII сессиясы

 

2014-жылдын 18-февралы № 8/4

”Мүрөк-Булак –Датка” ИСКАКБсынын 2013-жылдын ичинде

аткарган жумуштары жана 2014-жылга карата бюджети жөнүндө

 

”Мүрөк-Булак –Датка” ИСКАКБсынын 2013-жылдын ичинде аткарган жумуштары жана 2014-жылга карата бюджети жөнүндө ИСКАКБнын төрагасы Алдакулов Айтбектин маалыматын угуп жана талкулап Талаа-Булак айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Мүрөк-Булак –Датка” ИСКАКБсынын 2013-жылдын ичинде алгылуктуу иштер жүргүзүлгөндүгү белгиленсин.

2. “Мүрөк-Булак –Датка” ИСКАКБсынын  2014-жылга карата түзүлгөн бюджети токталып иштелип чыгып кезектеги сессияга сунуш кылынсын.

3. Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин14-пунктуна ылайык калкты таза суу менен камсыз кылып кызмат көрсөтүүдөгү баалары

1. Ар бир жанга                                  - 11сом

2. Суу киргизилген үйлөрдө

жан башына                                              - 20 сом

үйгө суу киргизүү үчүн

уруксат алуу                                      - 4000 сом өлчөмүндө бекитилсин.

4. Айыл аймагындагы калонкалардын кезектеги оңдоп түздөө (ремонт) иштерин 2014-жылдыне 20-апрелине чейин бүткөрүунү жана тазаа сууну хлордоону өз малында жүргүзүүнү.”Мүрөк-Булак–Датка” ИСКАКБсынын төрагасы Алдакулов Айтбекке милдеттендирилсин

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктууу комиссияга тапшырылсын.

 

Талаа-Булак айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Н. Керимкулов