Редакцияот 31.05.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу району Жоош айылдык кеңешинин кезектеги XXI-сессиясы (төртүнчү шайланган)

 

2012-жылдын 31-майы №21/7

Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кызыл-Кошчу айылына кетүүчү автожолду 6 см калындыкта асфальттоо үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө

Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кызыл-Кошчу айылына кетүүчү автожолду 6 см калындыкта асфальттоо үчүн акча каражатын бөлүү максатында Жоош айылдык Кеңешинин кезексиз ХХI-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жоош айыл өкмөтүнүн Кызыл-Кошчу айылына кетүүчү автожолду 6 см калындыкта асфальттоо үчүн 287,0 миң сом акча каражаты Жоош айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2012-жылга каралган сметанын эсебинен бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Жоош айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

А. Утуров