Редакцияот 02.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Куршаб айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XX отуруму

2015-жылдын 2-апрели № 113

Куршаб айыл өкмөтүнүн аймагындагы  ветеринардык кызматкерлердин эмдөө кызмат акысы жөнүндө

Куршаб айыл өкмөтүнүн аймагындагы ветеринардык кызматкерлердин  эмдөө кызмат акысы  жөнүндөгү  маселени карап талкуулап чыгып  Куршаб  айылдык кеңешинин (бешинчи шайланган) кезектеги  ХХ отуруму  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Куршаб айыл өкмөтүнүн аймагындагы ветеринардык кызматкерлердин  эмдөө кызмат акысы  вакцинаны  өзү сатып алса же мамлекет тарабынан бекер берилсе да төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленсин:

Жылкы-30

Кара мал-30

Кой, эчки-20

Тоок-5

Ит-50сом

2. Ветеринардык документтерди берүүнүн баасы:

Жылкы, кара мал-10

кой, эчки-5сом

3. Малдарды үйүнө чакыртып дарылоодо  ветеринардык кызматкерлер менен мал ээси өз ара келишим баада жүргүзүлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө электр энергия, байланыш, таза суу, коммуналдык чарба, ветеринардык кызмат жана жайыт боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

Куршаб айылдык

кеӊешинин төрагасы:

Т.Х. Ахунов