Редакцияот 17.04.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу району Жоош айылдык кеңешинин кезектеги ХХ-сессиясы (төртүнчү шайланган)

 

2012-жылдын 17 апреля №20/1

Жоош айылдык округунун 2011-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн план тапшырмасынын аткарылышы жана 2012-жылга социалдык-экономикалык планын бекитуу жөнүндө

Жоош айылдык округунун ФЭБ башчысы Н. Кадырованын 2011-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн план тапшырмасынын аткарылышы жана 2012-жылга социалдык-экономикалык планы боюнча билдирүүсүн талкуулап чыгып Жоош айылдык Кенешинин кезектеги ХХ-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жоош айылдык округунун 2012-жылга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү планы (тиркемеге ылайык) бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Жоош айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

А. Утуров