Редакцияот 13.03.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жоош айылдык кеңешинин кезексиз ХVIII-сессиясы (төртүнчү шайланган)

 

2012-жылдын 13-марты №18/2

Жоош айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкер көрсөтүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамынын 48-49-беренелеринин, "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартибин жөнүндөгү" Жобонун жана депутаттардын Жоош айылдык Кенешинин регламентине ылайык депутаттар тарабынан сунушталган талапкерлерди талкуулап Депутаттардын Жоош айылдык Кенешинин кезексиз XVIII-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамынын 48-49-беренелеринин, "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартибин жөнүндөгү" Жобонун жана депутаттардын Жоош айылдык Кенешинин регламентине ылайык Жоош айыл өкмөтүнүн башчылыгына Карабаев Карыбек, Көзуев Абийбилла, Гайыпов Абдыкарлардын талапкерлиги көрсөтүлсүн.

2. Бул токтом Кара-Суу райондук аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

 

К.Белекбаев атындагы

Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы

 

М.Кадыров