Редакцияот 26.06.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жекенди айылдык кеңешинин төртүнчү чакырылышынын кезексиз сессиясынын

 

2011-жылдын 26-июлу №19

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык участкалык шайлоо комиссиянын курамын түзүү жөнүндө

1. 2011-жылдын 30-октябрында боло турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата «Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-бөлүмүнөн 19-беренесинин 1-пунктуна ылайык Жекенди айылдык кеңешине караштуу участкалык комиссиянын курамына көрсөтүлгөн курамы бекитилсин.

2. Тиешелүү документтер Чон-Алай аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин жана бекитип берүү жагы суралсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулук укук тартибин чындоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы М. Минбаевага тапшырылсын.

 

Жекенди айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

К. Калилов