Редакцияот 10.10.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги Х - сессиясынын (төртүнчү шайланган)

 

2012-жылдын 10-октябры №9

Отуз-Адыр айылдык аймагындагы Машраб-Сайды максаттуу пайдалануу жөнүндө

Отуз-адыр айылдык аймагындагы Машраб-Сай ар жыл сайын сел келип, ичи толуп, жээктери урап, турак жайларга, суулуу жерлерге зыяндарды келтирип жаткандыгына байланыштуу, сайдын андан ары кенейип кетишин алдын алуу максатында Отуз-Адыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Машраб-Сайды ижарага алып иштетүүчүлөр мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин беренелеринин негизинде тийиштүү иш кагаздарын даярдашсын.

Машрап-Сайдын жээктерин сактап сайды пайдалануу боюнча нормативдик талаптарды аткаруу ,типтүү келишимдин негизинде иш жүргүзүү жагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы Асанбек Базибай уулуна милдеттендирилет.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жуктѳлсун. (С.Атамбиев)

 

Отуз-Адыр айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

О. Айдаров