Редакцияот 10.10.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги Х- сессиясынын (төртүнчү шайланган)

 

2012-жылдын 10-октябры №10

Айылдык аймактагы айыл чарба багытында эмес жерлерге коюлуучу регионалдык коефициенттерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Отуз-адыр айыл өкмөтүнүн  киреше бөлүмүнүн башчысы-башкы адис К. Атамбиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Отуз-Адыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Отуз-Адыр айылдык аймагында айылдар боюнча айыл чарба багытында эмес жерлерге коюлуучу регионалдык коефициенттер төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.

Отуз-Адыр айылы – 1,5

Ынтымак айылы – 1,5

Кара-Добо айылы – 1,5

Кызыл-Абад айылы – 1,1

Кыш-Абад айылы – 1,1

Савай-Арык айылы – 1,1

Ж. Кызыл-Суу айылы – 1,1

Фархад айылы – 1,1

Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

(Базибай уулу Асанбек)

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Отуз-Адыр айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

О. Айдаров