Редакцияот 08.10.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОНУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин II  чакырылышынын XIV заседаниеси

 

2012-жылдын 8-октябры №14/4                     

Жар-Кыштак айылындагы Гулчө жолу аркылуу, Кургак учук ооруканасына өтүүчү жолду жабуу жөнүндө

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу, Жар-Кыштак айылындагы Гулчө жолунан Кургак учук оорусуна өтүүчү жол менен Гулчө айылынын тургундары таштандыларды таштап, элдин жашоосуна терс таасирин тийгизип жаткандыгына байланыштуу жолду жабуу үчүн чукурча казуу максатында

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Жар-Кыштак айылындагы Гулчө жолу аркылуу, Кургак учук ооруканасына бурулуучу жолду жабуу үчүн узуну 6  метр, тереңдиги бир метр болгон чукурча казылсын.
  2. Жар-Кыштак айылынын жанындагы Кургак учук ооруканасына өтүүчү жол аялдаманын жанындагы жол аркылуу каттоо жүргүзүлсүн.
  3. Жар-Кыштак айылындагы жерге таштандыларды таштабоону көзөмөлгө алуу айылдын элдерине жана айыл башчысына тапшырылсын.

 

Коңур-Дөбө айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Т. Бегматов