Редакцияот 22.03.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОНУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Конур-Дөбө айылдык кеңешинин III чакырылышынын ХV заседаниеси

 

2012-жылдын 5-декабры №15/4           

ОсОО “Нур Телеком” компаниясынын жер сурап жазган арызын кароо жөнүндө

ОсОО “Нур Телеком” компаниясынын уюлдук байланыш антеннасын орнотуу үчүн жер сурап жазган арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13 ст. ылайык Конур-Дөбө айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. ОсОО “Нур Телеком” компаниясынын уюлдук байланыш антеннасын орнотуу үчүн жазган арызын канаттандырылып Конур-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кара-Шоро айылынын Айуз участкасынын күн чыгыш тарабынан 20 м/кв жер аянты айыл чарбасына жараксыз жерден ОсОО “Нур Телеком” компаниясына келишимдин негизинде арендага бөлүнүп берилсин.

2. Жерди пайдаланууга укук берүүчү юридикалык документтерин даярдоо Алай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Конур-Дөбө айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Т. Бегматов