Редакцияот 21.04.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Найман поселкалык кеңешинин кезектеги IV-чакырылышынын ХIII-сессиясынын заседаниеси

 

2011 -жылдын 21 -апрели № XIII-3

Найман поселкалык кеңешинин 2011-жылга карата иш-чараларынын планын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгу Мыйзамынын 21 жана 23-беренелерине ылайык күн тартибиндеги маселелерди карап чыгып, Найман поселкалык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Найман поселкалык кеңешинин 2011-жылга карата түзүлгөн иш-чараларынын планы бекитилсин. (Иш-чаралар планы тиркелет)

2. Найман поселкалык кеңешинин туруктуу комиссиялары менен биргеликте иш пландардын аткарылышын камсыз кылуу поселкалык кеңештин жооптуу катчысы Р. Шамаевага тапшырылсын.

 

Найман поселкалык

кеңешинин төрайымы

 

Ш. Сапарова