Редакцияот 21.04.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Найман поселкалык кеңешинин кезектеги ХIII-сессиясынын заседаниеси

 

2011-жылдын 21-апрели № XIII-4

Найман поселкалык округунун бюджетинин 2009-жылдын бюджетинин аткарылышын жана 2011-жылга каралган поселкалык кеңештин бюджетин бекитүү жөнүндө

Найман поселкалык кеңешинин 2009-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2011-жылга каралган поселкалык кеңешинин бюджета жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын 2008-жылдагы бюджетиндеги эки баскычтуу бюджет түзүлгөндүгүн поселкалык кеңешинин бюджет боюнча комиссиясы тарабынан каралгандыгына байланыштуу Найман поселкалык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2009-жылга Найман поселкалык кеңешинин бюджетинин кирешелери 5045,1 миң сомго чыгаша жагы 5101,1 миң сомго бекитилсин.

2. 2011-жылга поселкалык кеңешинин бюджетинин кирешесин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1 тиркемеге ылайык аныкталсын.

3. 2011-жылга поселкалык кеңешинин бюджетинин кирешесин 5324,7 миң сомго, чыгаша жагы 5324,7 миң сомго аныкталсын.

 

Найман поселкалык

кеңешинин төрайымы

 

Ш. Сапарова