Редакцияот 22.04.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаттарынын төртүнчү чакырылышынын кезектеги XIX (он тогузунчу) сессиясы

 

2011-жылдын 22-апрели №19-1

Көк-Жар айылдык округунун 2011-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө

Көк-Жар айылдык округунун ФЭБ нүн башчысы Т. Исмановдун 2011-жылга айылдык округдун бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 726-токтомунун негизинде Көк-Жар айылдык округунун аткаруучу-тескөөчү органынын төмөнкү 33 штаттык саны бекитилсин.(тиркеме тиркелет).

2. Көк-Жар айылдык округунун 2011-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча түзүлгөн бюджетинин долбоору (21079700 сом) бекитилсин. (тиркеме тиркелет).

3. Көк-Жар айылдык округунун 2010-жылдан жергиликтүү бюджеттин эсебинен калган 494500 (төрт жүз токсон терт миң беш жүз) сом кошумча сметасы бекитилсин .(тиркеме тиркелет).

4. Көк-Жар айылдык округунун 2012-2013-жылдарга карата бюджетинин божомолу бекитилсин.(тиркеме тиркелет).

5. Көк-Жар айылдык округунун 2011-жылга бекитилген бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн максаттуу аткарылышын камсыз кылуу айылдык округдун финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.

6. Ушул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономика бюджет жана соода боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кок-Жар айылдык кеңешинин

төрагасынын орун басары

 

А. Исраилов