Редакцияот 14.09.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Т. Кулатов айылдык кеңешинин IV чакырылышындагы кезектеги XXIX сессиясы

 

2011-жылдын 14-сентябры № XXIX-2

Т. Кулатов айылдык округунун аймагындагы «Түштүк-Кыргыз-Цемент» жабык акционердик коомуна, Ак-Сай участкасынан 26 га. жер аянттарын бөлүп берүү жөнүндө

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Түштүк-Кыргыз-Цемент» жабык акционердик коомунун жетекчиси Ю.А.Усольцевтин билдирүүсүнүн негизиндеТ.Кулатов айылдык округунун Ак-Сай участкасынан жайыт жерден 26 га жер аянтын бөлүп берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап Т.Кулатов айылдык округунун депутаттардын айылдык Кенеши

1. «Түштүк-Кыргыз-Цемент» жабык акционердик коомуна Т.Кулатов айылдык округунун аймагына тиешелүү болгон Ак-Сай участкасынан жайыт жерден 26 га жер аянтын 2 тараптуу мемерандумга кол коюлганга чейин, бөлүп берүүгө макулдук берилбесин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жана аткаруу жагы Т.Кулатов айылдык округунун жетекчилигине тапшырылсын.

 

Т. Кулатов айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

А. Абдиллаев