Редакцияот 06.10.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин (II - шайланган) кезектеги XXIV сессиясынын заседаниеси

 

2011-жылдын 6-октябры № XXIV-7

Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратын капиталдык ремонтоого жардам көрсөтүү жөнүндө

Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратын капиталдык ремонтоого жардам көрсөтүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин (II - шайланган) кезектеги XXIV сессиясынын заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратын капиталдык ремонтоо үчүн 9 айдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен 5000 сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин билим берүү саламаттыкты сактоо, соода, бюджет, экономика жана финансылык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Ноокат шаардык

кеңешинин төрайымы

 

Б. Калдарова