Редакцияот 19.12.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТƟƟЛƟС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Төөлөс айылдык округунун айылдык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы

 

2011-жылдын 19-декабры № 26-5

Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан сунушталган Герейт-Шорон айылынын борборундагы, Ош-Исфана автотрассасынын 71-километринин түндүк тарабында жайгашкан жер" аянтына калкты тейлөөчү түйндөрдү куруу боюнча деталдаштырып пландоо долбоорун (ДПД) кароо жөнүндө

Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Төөлөс айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан сунушталган Герейт-Шорон айылынын борборундагы, Ош-Исфана автотрассасынын 71-километринин түндүк тарабында жайгашкан жер аянтына калкты тейлөөчү түйндөрдү куруу боюнча деталдаштырып пландоо долбоорунда (ДПД) көрсөтүлгɵн үч бөлүктөн турган схеманын орто чегинде жайгашкан жер аянтын чыгарып салуу менен,бекитилсин. (ДПД чиймеси токтомго 1 баракта тиркелет)

2.Токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы Төɵлөс айылдык округуна тапшырылсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Айылдык кеңешинин «айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо транспорт, курулуш, өнөр жай, кайра иштетүү энергетика» боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Тɵɵлɵс айылдык округунун

 айылдык кеңешинин төрагасы

 

А. Эргешов