Редакцияот 453644
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Корул айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXXIV кезексиз заседаниеси

 

2012-жылдын 05- июлу № 34/3

Жергиликтүү Кеңештин сандык курамын бекитүү жөнүндө

2012-жылдын 15-июнундагы № 10 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин негизинде

ТОКТОМ КЫАТ:

1. Корул айылдык Кеңешинин жалпы калкынын саны 2011-жылдын 1-январына карата алты миң жети жүз он үч экендигин эске алуу менен анын ичинен Корул айылдык Кеңешинин 1-Май айылынын калкынын саны бир миң беш жүз токсон үч болгондуктан, № 140 1-Май шайлоо участкасына беш депутаттын сандык курам бекитилсин.

2. Корул айылдык Кеңешинин жалпы калкынын саны 2011-жылдын 1-январына карата алты миң жети жүз он үч экендигин эске алуу менен анын ичинен Корул айылдык Кеңешинин Тогуз-Булак айылынын калкынын саны эки миң бир жүз сексе эки болгондуктан, № 139 Тогуз-Булак шайлоо участкасына жети депутаттын сандык курамы бекитилсин.

3. Корул айылдык Кеңешинин жалпы калкынын саны 2011-жылдын 1-январына карата алты миң жети жүз он үч экендигин эске  луу менен анын ичинен Корул айылдык Кеңешинин Кең-Жылга айылынын калкынын саны эки миң тогуз жүз отуз сегиз болгондуктан, № 138 Кең-Жылга шайлоо участкасына тогуз депутаттын сандык курамы бекитилсин.

4. Ушул токтом Алай аймактык шайлоо комиссиясына билдирилсин.

 

Корул айылдык

Кеңешинин төрагасы

 

Т. Маназаров