Редакцияот 453636
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Корул айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXXV кезексиз заседаниеси

 

2012-жылдын 04- августу № 35/2

Корул айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Жээмуратова Света Токтотемировнаны «Муниципалдык кызматтын мыктысына» сунуштоо боюнча

Корул айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Жээмуратова Света Токтотемированын

айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн көтөрүүдө кошкон салымын жана көп жылдык үзүрлүү эмгегин эске алып,

Корул айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Корул айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн көтөрүүдө

кошкон салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Корул айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Жээмуратова Света Токтотемировна

«Муниципалдык кызматты  мыктысына  сунуш кылынсын.

2.     Бул токтомд  бекитип берүү жагы Алай райондук мамлекеттик

администрациясынан жана Алай райондук Кеңешинен суралсын.

 

Корул айылдык

Кеңешинин төрагасы

 

Т. Маназаров